Марал Радиосу

«Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу бар»

Адамзат үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучу алдында турат. Бул эскертүү Чехиянын чалгын кызматынын расмий сайтындагы баяндамада айтылды.

Баяндамага таянып айтсак, согуш АКШ, Орусия жана Кытайдын атаандашуусунан улам келип чыгышы мүмкүн. Ошондой эле аталган документ дүйнөлүк согуштун чыгуусу азыр биринчи баскычта экендигин белгилейт.

«Согушка катыша ала тургандардын жана ага жигердүү катыша тургандардын дүйнө таанымы калыптандырылып, аларды башкарууга жардам бере турган техникалык куралдар аныкталууда», — деп айтылат баяндамада.

Андан тышкары өлкөлөр ортосундагы чыңалуунун өсүшүнө эл аралык укуктун мааниси төмөндөп баратканы, коомдун аң-сезими менен манипуляциялоо жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү жолунун жоктугу себеп болуп жатканы белгиленген.