Марал Радиосу

Футзал курама командасы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул туралуу Кыргызстан Футбол ассоциациясы Инстаграм баракчасына билдирди.

Жолдоштук мелдеш 17-19-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан курама командаларынын катышуусунда өтөт.

Командалар бир турда ойнойт. Азыркы тапта Кыргызстандын командасы Чолпон-Ата шаарында машыгуудан өтүүдө.