Марал Радиосу

COVID-19дан айыккандан кийин эмне кылуу керек?

Орусиялык дарыгер Яна Осинцева коронавирустан айыккандан кийин ден соолукту калыбына келтирүү боюнча кеңеш берди. Бул тууралуу «Петербургский дневник» басылмасы жазды.

Дарыгер адегенде бардык анализдерди тапшырып, терапевттен алдын ала корутунду алуу керектигин айтып, айыгып кеткенден кийин терапевтке үч жолу: 1-3-6 айда барып турууга кеңеш берет. Ошондой эле неврологго кайрылуу, невропатологдун көзөмөлүндө болуу зарылдыгын белгилейт.

«Адистер ошондой эле алдын алуу максатында В тобундагы витаминдерди ичүүнү жана дем алуучу көнүгүүлөрдү жасоону сунушташат. Барокамералар, түрдүү ингаляция, дем алуучу көнүгүүлөр жакшы натыйжа берет», — деп белгилеген Осинцева.

Доктор башка физиотерапевттик процедуралар сыяктуу эле ингаляцияны курсу менен өткөрүүнү эскерткен.