Марал Радиосу

Монголия 3 күндүк карантин жарыялады

Монголиянын Улан-Батор шаарында 3 күндүк карантин жарыяланды. Мындай чечимге мамлекеттик Өзгөчө кырдаалдар комиссиясы кол койду.

Токтомго ылайык, жүргүнчүлөрдү ташууга, мастер-класс, тренингдерди уюштурууга, көңүл ачуу жана окутуу борборлорунун, ошондой эле балдар оюн-зоок жайларынын иштешине тыюу салынат.

Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында жогорудагы жайлар 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин ишин токтотот.