Марал Радиосу

Бишкекте COVID-19 боюнча абал оорлошуп баратат

Бишкек шаарында коронавирус боюнча абал күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Жыпара Ашакеева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери лабораториялык түрдө тастыкталган коронавирус илдети 10 миң 852ге жетсе, клиникалык эпидемиологиялык түрдө 10 миң 861, жалпы 21 миң 713 бейтап катталды.

«Илдет илээштиргендердин саны күн санап өсүүдө. Эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн негизинде короновирус жугузганы аныкталган сентябрда 175 бейтап, октябрда 2116 бейтап, ал эми акыркы он күндө 1055 бейтап катталды», — деди Ашакеева.