Марал Радиосу

Нежат Санжак кыргыз волейболчуларына сабак өттү

Бишкекте 3-7-ноябрда Эл аралык Волейбол Федерациясы уюштурган волейбол машыктыруучулары үчүн семинар болуп өттү. Иш-чарада 1996-жылдан бери инструктор болуп иштеп келе жаткан FIVB өкүлү Нежат Санжак тажрыйбаcы менен бөлүштү.

Волейбол федерациясынын маалыматы боюнча, окутууга катышкан 37 машыктыруучу Эл аралык Олимпиада Комитетинин сертификатын алды. Семинарга балдар жана өспүрүмдөр мектептери, волейбол боюнча балдар жана өспүрүмдөр лигасы, ошондой эле Энелер лигасы менен алектенген машыктыруучулар катышты.

Инструктор Нежат Санжак кыргыз волейболунун 90 жылдык юбилейлик медалы жана башка ардактуу сыйлыктар менен сыйланды.