Бүгүн, 10-ноябрга карата Кыргызстанда дагы 570 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Маалыматка ылайык, эң көп Бишкек жана Ош шаарларында катталды.
-Бишкек шаарында — 121;
-Ош шаарында — 114;
-Чүй облусунда — 85;
-Ош облусунда — 30;
-Талас облусунда — 21;
-Нарын облусунда — 5;
-Ысык-Көл облусунда — 51;
-Жалал-Абад облусунда — 61;
-Баткен облусунда — 82 адамдан COVID-19 илдети табылды.
Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 63 миң 960 адамга жетти.