Марал Радиосу

Көк бөрү-2020: Биринчи лиганын байгеси

Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Президенттин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын финалдык оюндары өттү.

Биринчи лиганын финалдык  мелдешинде Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы менен Оштун «Ала-Тоо» командалары беттешип, жыйынтыгында 5:3 эсебинде жеңген Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы Биринчи лиганын чемпиону аталды.

Биринчи лиганын жеңүүчүлөрдүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

Мыкты улакчы: Кадырбек уулу Бейшеке («Мурас»)

Мыкты аргымак: Шторм («Ала-Тоо»)

3-орун — «Келечек» (Бишкек) — байгеси: 50 миң сом

2-орун — «Ала-Тоо» (Ош) — байгеси: 70 миң сом

1-орун — «Мурас» (Ысык-Көл) — байгеси: 100 000 миң сом

Белгилей кетсек, Биринчи лигада финалга ойногон «Ала-Тоо» менен «Мурас» командалары мындан ары Жогорку лигада оюн көргөзүшөт.