Марал Радиосу

Көк бөрү-2020: Таластын «Ынтымак» командасы Президенттин Кубогун алды

Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Президенттин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын финалдык оюндары өттү.

Саат 14:30га белгиленген Жогорку лиганын финалдык мелдешинде Таластын «Ынтымак» командасы менен Оштун «Достук» командалары беттешип, жыйынтыгында 9:2 эсебинде жеңген Таластын «Ынтымак» командасы Жогорку лиганын чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Президенттин Кубогун «Достук» командасы жеңип алган.