Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: 1156 адамдын абалы оор жана өтө оор абалда

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 526 | 0

Бүгүн, 8-ноябрга карата Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан 3409 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Алардын ичинен:

  •  58 адам канааттандырарлык абалда;
  • 2195 адам орто оор абалда;
  • 1019 адам оор абалда;
  • 137 адам өтө оор абалда.

Ал эми үй шартында 3634 адам дарыланып жатат.

Ошол эле учурда бир суткада  дагы 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын экөө Ысык-Көл, дагы экөө Чүй, үчөө Жалал-Абад облусунда катталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, соңку суткада стационардан 2, үй карантинден 10 медкызматкер чыгарылды.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 3647 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен 3422 адам айыкты.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын  жалпы саны 62 миң 819га жетти. Алардын ичинен илдетинен 53 миң 952 адам сакайып, коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1177ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM