Марал Радиосу

Коронавирустун жаңы 515 учуру катталып, беш бейтап каза болду

Бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 515 учуру катталып, жалпы вируска кабалгандардын саны 62 миң 819га жетти. Бул тууралу Республикалык штабдан билдирди.

Жаңы катталгандар: Бишкек шаары — 107, Ош шаары — 43, Чүй облусу – 60, Ош облусу — 52, Талас облусу — 20, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу – 45, Жалал-Абад облусу – 133, Баткен облусу — 54.

Ошо эле учурда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 546 адам сакайып, жалпы айыккандардын саны 53 миң 952ге жетти.

Мындан сырткары бир суткада COVID-19 илдетинен 5  бейтап каза болду.

Алар: Талас облусу – 1, Бишкек – 3, Ош облусу – 1 адам көз жумду. Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1177.