Марал Радиосу

Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы Биринчи лиганын чемпиону аталды

Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Президенттин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын финалдык оюндары өтүүдө.

Саат 10:00гө белгиленген Биринчи лиганын финалдык  мелдешинде Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы менен Оштун «Ала-Тоо» командалары беттешип, жыйынтыгында 5:3 эсебинде жеңген Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы Биринчи лиганын чемпиону аталды.

Азыркы тапта эр эңиш, ат чабыш , салбуурун оюндары өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.