Марал Радиосу

Эгемендүүлүк күнүнө арналган эр эңиш боюнча мелдештин жыйынтыктары

Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча финалдык беттештер өттү.

Мелдештерге Бишкек шаарынан жана Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынан келген 23 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин ээси:

+ 90 кг:                                                

1-орун – Күмүшбек Кадыралиев, Талас облусу;

2-орун – Азатбек Каныбек уулу, Бишкек шаары;

3-орун – Фархад Камчыбеков, Чүй облусу.

90 кг:

1-орун – Амантур Мүнүр уулу, Талас облусу;

2-орун – Бекболсун Абдурасулов, Жалал-Абад облусу;

3-орун –Темирбек Ибрагимов, Чүй облусу.

80 кг:

1-орун – Калыбек Бузурманкул уулу, Чүй облусу;

2-орун – Бактыгул Райхан уулу, Нарын облусу;

3-орун – Барктабас Жыргалбек уулу, Бишкек шаары.

70 кг:

1-орун – Чолпонбай Темирбек уулу, Нарын облусу;

2-орун – Арзымат Жумадилов, Чүй облусу;

3-орун – Ишен Эрназаров, Жалал-Абад облусу.

60 кг:

1-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу;

2-орун – Алибек Шамилбеков, Бишкек шаары;

3-орун – Азамат Шакир уулу, Чүй облусу.

Белгилей кетсек, ат оюндары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлүп жатат. Эр эңиш үчүн байге фондунан 100 миң сом бөлүнгөн.