Марал Радиосу

Кямран Аббасов бүгүн чемпиондук наамын коргойт

Кыргызстандык аралаш мушташ өнөрү боюнча мушкер Кямран Аббасов бүгүн, 6-ноябрда биринчи жолу ONE чемпионатынын титулун коргойт.

ONE FC турниринин алкагындагы бул беттеш 6-ноябрь, Бишкек убактысы боюнча саат 18: 30да Сингапур өлкөсүндө өтөт. Аббасовдун каршылашы — америкалык мушкер Джеймс Накашима.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер 2019-жылдын 25-октябрында швециялык Себастьян Кадестамды жеңип, уюмдун жарым орто салмактагы чемпиону аталган.