Марал Радиосу

Сазыкбай Турдумалиев президенттикке талапкер болду

Сазыкбай Турдумалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Анын талапкерлигин «Улутман» саясий партиясы көрсөттү.

Сазыкбай Турдумалиев 66 жашта.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Абдыкаар Сыдыков, Канатбек Исаев Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.