Марал Радиосу

Кубат Болотканов КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болду

Кубат Болотканов Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Байкоочу кеңештин 5-ноябрдагы кезексиз жыйынында талапкер катары Тимур Алхожоев жана Кубат Болотканов көрсөтүлгөн. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кубат Болотканов төрагалыкка тандалып алынды.

Буга чейин КТРКнын башкы директорлугуна сынак жарыяланган. Ага документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 18-ноябрында саат 17: 00дө аяктайт.