Марал Радиосу

УКМК: Бир айда коррупциялык кылмыштардан 575 млн сом өндүрүлдү

Коррупциялык кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин бюджетке келтирилген зыяндын 575 млн сому которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатат.

Мекеме которулган каражат боюнча коомчулукка өз убагында маалымат берилип турарын билдирет.