Марал Радиосу

Сурабалдиева: Дарыгерлердин саны жетишсиз

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда дарыгерлер жетишсиз экенин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматын угууда. Сурабалдиева Кыргызстанда дарыгерлердин жалпы саны 13 миң 709ду түзөрүн айтты.

«Алардын 22 пайызы пенсия курагында. Ошондой эле жалпы 33 миң 518 орто медкызматкер бар, анын 14 пайызы пенсия курагында жана 12 миң 508 кенже медкызматкер бар. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 166, Ош облусунда 154, Чүйдө 204, Бишкекте 169 дарыгер жетишпейт. Айрыкча Талас, Токмок, Ысык-Ата жана Кемин фтизиатр, анестезиолог-реаниматолог адистерине муктаж», — дейт ал.

Вице-премьер медкызматкерлерди жана ыктыярчы дарыгерлерди кайра окутуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Элвира Сурабалдиева COVID-19га  каршы күрөшүү боюнча штабды жетектейт.