Марал Радиосу

Дүйнөдөгү 21 жашка чейинки эң кымбат футболчулар аныкталды

Эл аралык спорт изилдөө борбору 21 жашка чейинки эң кымбат футболчулардын рейтингин жарыялады.

Биринчи орунду «Бавария» клубунун канадалык коргоочусу Альфонсо Дэвис алды, анын трансфердик баасы — 180,4 миллион евро.

Экинчи сапка «Боруссия Дортмунд» клубунун англиялык оюнчусу Джейдон Санчо жайгашты, анын алган акысы — 125,6 миллион евро.

Алдыңкы үчтүктүн катарына «Барселонанын» чабуулчусу Ансу Фати да кирип, эмгек акысы 122,7 миллион еврону түздү.