Марал Радиосу

Европа футбол чемпионаты толугу менен Орусияда өтүшү мүмкүн

2021-жылга жылдырылган Европа футбол чемпионаты толугу менен Орусияда өтүшү мүмкүн. Бул маселе Европа Футбол Ассоциацияларынын Биримдиги тарабынан ойлонулуп жатканын «Le Parisien» француз басылмасы жазды.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу быйыл өтүшү керек болгон мелдеш кийинки жылга жылдырылган. Бирок форматы боюнча макулдашуулар аягына чыга элек болчу. Учурда 12 мамлекетте беттештер белгиленген. Карантиндик чектөөлөрдөн, УЕФАдагы кооптонуудан улам, алар кайра бир мамлекетке бириктирилиши мүмкүн.