Марал Радиосу

Канатбек Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев президенттикке талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Канатбек Исаев 45 жашта. Ал 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти.

Президенттикке талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыргандар  — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Канатбек Исаев, Бакыт Бакетаев.

Азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын буга чейин айткан. Ал президенттик ыйгарым укуктарын 14-ноябрда тапшырарын билдирди.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.