Марал Радиосу

Бакыт Бакетаев президенттикке талапкерлигин коет

Бакыт Бакетаев президенттикке катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан тастыкташты.

Бакетаев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүүдө.

Бакетаев Бакыт Кушбекович 62 жашта. Ал «Апрель» коомдук уюмунун төрагасы. Саясий маселелер боюнча талдоочу катары таанымал.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага катышуу үчүн арыз берген талапкерлер — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов.

Мындан тышкары, депутат Канатбек Исаев да президенттикке катышарын ачыктады. Азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров да мамлекет башчылык кызматка барарын айткан.