Марал Радиосу

УКМК: Тендердик комиссиянын мүчөсү пара менен кармалды

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Отун-энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин жүрүшүндө, «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда тендердик комиссиясынын мүчөсү «У.Р.» ишкерден 500 миң сом талап кылган.

24.kg маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булагына таянып, кармалган адам энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев экенин жазды.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча катталды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.