Биз менен байланышыңыз

12 жашар Элмирбек Ильяз Абдыразаковду батлга чакырды

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 4 Ноя 2020 | 14419 | 2

Интернетте той ырларын синтезатордо чеберчилик менен аткарган өспүрүм баланын видеосу «Ильяз Абдыразаковдон жооп күтөт» деген аталыш менен жарыяланды. «Марал» радиосу видеодогу таланттуу жигиттин апасы Гүлшайыр жана Элмирбектин өзү менен чакан маек курду.  

Апасы Гүлшайыр: Элмирбек — эң кичүү балам. Азыр 6-класста окуйт. Мектепте алдыңкы окуучулардын бири. 3-4-класста музыка мугалими нота үйрөтүп койгон экен. Анан өзүнүн кызыгуусу менен эле чертип кетти. Таякелеринин баары ырдашат, өзүм да ырдайм. Буюрса, кийинки жылдардан шаарга окууга алып барабыз. Быйыл шартка байланыштуу баары онлайн болуп калбадыбы.

Элмирбек: Музыка сабагынан берген агайым шыгымды байкап синтезатор үйрөткөн. Андан кийин өзүм эле кызыгып ойноп кеттим. Интернеттеги видео айылдагы тойлордун биринде ойноп жаткан жеримден тартылган. Байкемдин досу тартып, интернетке жүктөгөн экен. Ырчы Ильяз Абразаковду батлга чакырганымдын себеби, байкенин синтезатордо ойногону аябай жагат жана жолуккум келет. Ошол үчүн жооп күтөм дедим. Улуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун ырларын да көп ырдайм. Келечекте мыкты музыкант болгум келет.

Видео боюнча ырчы Ильяз Абдыразаковго байланышканыбызда: «Видеону көрүп, кубанычта болдум. Мындай таланттарды колдоо керек. Буга чейин деле интернет тармактарынан чакырууларды көп эле алып жүргөм. Эгерде жолуккусу келсе, мен каршы эмесмин. Шаарга келгенде сөзсүз жолугам», — деген пикирин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM