Бир кездерде «Кантың бар» деген ыр менен катуу дүңгүрөгөн, алгачкы эстрада ырчыларынын бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Сапаралиев менен «Мен жана мезгил» программасында учкай маектештик. Ошол маектин урунттуу учурларын окурман журтуна да тартуулап коюуну туура көрдүк.
— Саламатсызбы, агай? Алгачкы кепти кыргыз эстрадасынын түптөлүү жолунан баштасак…
— Ар бир иштин өзүнүн маалы бар экен. Биз жаңыдан чыга баштаганда кыргыз эстрадасы деген түшүнүк таптакыр жок эле. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 3-4 гана фольклордук топ болгон. 1967-жылы «Голубой Иссык-Куль» деген гана орус тилинде ырдаган эстрадалык топ бар болчу. 1968-жылы ыраматылык Чоро Кожомжаровдун жетекчилиги астында кыргыз эстрадасы түптөлө баштаган. Анда 1-курс элем, сабагымды унут таштап, топко аралашып кеткем. Алгачкы концертин бергенде чаңкай түштө чагылган түшкөндөй эле болгон. Себеби кыргыз эстрадасы жаңы түптөлүп, мурда мындайды көрбөгөн эл-журтка чоң жаңылык эле да. Ал кездин музыкалык аспабы контрабас, барабан-добулбас, домбура, эки комуз жана аккордеон болчу. Чет элдин эстрадасын укчу деле эмеспиз. Өз казаныбызда кайнап жатып эле бышып-жетилдик. Эң алгачкы эмгегим катары 69 сом айлык алганым эсимде.
— Сахнага чыкканда эле катуу дүңгүрөсөңүз керек? Себеби элге эстрада деген түшүнүктү силер алып келдиңер да…
— Маданият жолунда элге таанылуу, сый-урматка ээ болуу — бул: абдан чоң кызмат. Мисалы, мени келгенде эле «Оо-у, Алтынбек Сапаралиев!» — деп дароо таанышкан жок да.
Жашоомдогу кызыктардан айтып берейин. Бир жолу айылда жүрсөм Чоро Кожомжаров: «Дароо келип кал», — деп телеграмма жөнөтүп ийиптир. Өзбекстан менен Балтика өлкөлөрүндө Кыргызстандын маданият жана искусство жумалыгы өтмөк экен. Келерим менен «Ошого сен да катышасың», — деп калды. Макул болуп 3 орусча, 3 кыргызча ыр даярдадык. Ырчыларды тандап алуу күнү кезегимди күтүп турсам, делегациянын көркөм жетекчиси, атын айтпай эле коеюн: «Жанагы жаңы ырчыңар ырдасын», — деп калды. Репетициядан кийин баары кетип калышыптыр. Аспаптарды ойноп бере турган киши жок, Чоро роялга олтуруп, өзү ойноду. 1-2 ыр ырдап бердим. «Өттүң» дешкендей болгон. Анан эле жанагы жетекчи: «Алтынбек, кечирип кой, сенин ордуңа башкалар бармай болду», — деди. Көзүмө жаш толуп: «Эмнеге келдим, ушундай сөздү уккандан көрө айылда эле иштеп жүрө бербейт белем», — деп фойеге чыгып алып, көпкө ыйладым.
Дагы бир жолкуда ансамбль менен Нарындын Эмгекчил деген айылына гастролго бардык. Анда топко жаңы кошулгандыктан, репертуарымда кыйраткан деле ыр жок болчу, сахнага чыгып эки ыр ырдасам, эч ким кол чаппайт. «Жаман ырдадымбы?» — деп кыжаалат болуп, топтон кетип калгым келди. Андайда Чоро: «Чыгармачылык жол оңой эмес, баарына чыдаш керек», — деп сооротуп койчу. Булар кийин турмушума чоң сабак болду.
— Ийгиликке кантип жеттиңиз анда?
— Көп ырларым жазылбай калды, себеби үн жаздыруу студиясы аз болчу. 1970-жылы Чоро Кожомжаров «Кантың бар» деген ырды сунуштаган. Эл дароо кабыл алган жок. Ал тургай, «Ырды бузуп коюпсуң», — деп сындагандар да болду. 1974-жылы ушул ырды Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгына карата уюштурулган концертте оркестрдин коштоосунда ырдап чыктым. Москвадан СССР Министрлер Советинин төрагасы (СССРдин премьер-министри — ред.) Косыгин да келген эле. Үчүнчү куплетин ырдап, кайырмасына жеткенде, тура калып кол чапты. Ал тургандан кийин Усубалиев баштаган башка жетекчилердин баары тура калып, дүркүрөтө кол чабышты. «Кантың бар» ошондон кийин азыркы тил менен айтканда, «хит» болгон. Андан кийинки ийгиликтүү ырым — «Стамбулдун кыздары». Дегеле, искусствонун жолу даңгыр болбойт экен.
— Баса, кыргыз эстрадасы тууралуу кеп болгондо дароо Чоро Кожомжаров деген ысым эске келет. Жанында көп жыл жүргөн, канча мезгил чогуу иштешкен адам катары айтсаңыз, Чоро Кожомжаровдун адамдык сапаты, мүнөзү, жүрүм-туруму кандай эле?
— Мен бул исандан көп таалим алдым. Кой оозунан чөп албаган момун, анан аябай иштерман инсан болчу. Атасы согуштан каза болуп, апасы башкага турмушка чыгып кетип, 3-класска чейин ар кайсы тууганынын колунда өсүп, жетимдиктин азабын көп тарткан экен. Оозунан дегеле бир жаман сөз чыкчу эмес. Абдан сонун адам эле, 39 жашка жетпей каза болуп калды.
— Учурдагы кыргыз эстрадасына кандай баа бересиз?
— Жаман дебейм, жакшы. Таланттуулар бар. Шарт да жакшы түзүлгөн. Болгону фонограммадан алыс болуп, жан дүйнө менен кабыл алып, таланты менен гана таанылса.