Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер боюнча комитети парламенттин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин жактырды. Учурда жалпы жыйында Мамытовдун талапкерлиги талкууланып жатат.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында Канат Исаев спикерликтен кеткенден кийин «Республика-Ата Журт» фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин спикерликке көрсөттү.
Фракция мүчөсү Өмүрбек Бакиров бул чечим фракция тарабынан 3-ноябрда макулдашылганын айтты.
«Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Анын милдетин аткаруу парламент төрагасы Канатбек Исаевге өткөн, ал андан баш тартып, премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтар Садыр Жапаровго жүктөлгөн.