Марал Радиосу

Канатбек Исаев президенттик шайлоого катышарын жарыялады

«Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды.

«Мен Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алдым. Буга президенттик шайлоого катыша турганым негизги себеп. Мамлекетте туруктуулукту орнотуу, мыйзамдуулукка кайтып келүү, Садыр Жапаровду легитимдештирүү үчүн өкмөттүн курамын бекитип бердик. Президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн. 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткарууну Садыр Жапаровго өткөрүп бергем. Партиялаштарым президенттик шайлоого менин талапкерлигимди көрсөттү. Мен да Жогорку Кеңештин төрагасы катары презиенттин милдетин аткара албайм”,-деди Исаев.

Исаев парламенттин спикери болуп 13-октябрда шайланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Анын милдетин аткаруу парламент төрагасы Канатбек Исаевге өткөн, ал андан баш тартып, премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтар Садыр Жапаровго жүктөлгөн.