Марал Радиосу

АКШдагы шайлоого рекорддук суммада акча сарпталды

Democratic U.S. presidential candidate and former Vice President Joe Biden U.S. Senator Kamala Harris and Michigan Governor Gretchen Whitmer during a campaign stop in Detroit, Michigan, U.S., March 9, 2020. REUTERS/Brendan McDermid

АКШда 2020-жылдагы президенттик шайлоо өлкө тарыхындагы эң кымбат шайлоо болуп калды. Республикачылар менен Демократтар азыркы шайлоого 14 миллиард доллардан ашык каражат короткону божомолдонууда. Бул көрсөткүч 2016-жылдагы шайлоого караганда 2 эсе, 2008-жылга караганда 3 эсе көп.

Федералдык шайлоо комиссиясынын башчысы Эллен Вайнтраубдун билдиришинче, Ак үйдүн талапкерлери 3,7 миллиард доллар чогултуп, 3,5 миллиард доллар сарпташкан.

29-октябрга карата Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден 952 миллион доллар, ал эми Республикалык партиянын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамп 601 миллион доллар чогулта алды.

Салыштырсак, 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан талапкерлигин койгон Хиллари Клинтон 586 миллион доллар гана чогулткан.

АКШда президенттикке талапкерди колдоо үчүн жеке адам жибере турган эң жогорку сумма 2800 долларды түзөт. Талапкерлерге чет элдик булактардан каражат алууга тыюу салынат. Шайлоо өнөктүгү учурунда бардык талапкерлер тарабынан чогултулган 3,7 миллиард доллардын үчтөн бири 200 долларга чейинки кайрымдуулук каражаттары болгон.