Марал Радиосу

4-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2… +3, күндүз +10 … +15;

Талас облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +10 … +15;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +15 … +20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6 … +11;

Нарын облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз +6 … +11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +0 … +2, күндүз +13 …+15 градус жылуу болот.