Марал Радиосу

Саясатты маданият оңдойт

Бүгүн, 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күндүн кесиптик майрам катары кабыл алынганына быйыл туура 25 жыл болду. Кыргыз бийлиги андан бери аталган тармакка канчалык деңгээлде көңүл бура алды? Дегеле, өлкөдөгү маданияттын жана маданият кызматкерлеринин абалы кандай? Алдыда кенен кеп кылабыз. 

Кыргыз эл артисти Керим Турапов «Маралга» маек берип, маданият өз жолунда, саясат өз жолунда кетиши керектигин билдирди. Анын айтымында, маданият тармагы коомдун аң-сезимине таасирин тийгизип, эл агартууда чоң роль ойнойт.

— Маданият боюнча сөз козгой турган болсок, маданият өз жолунда, саясат өз жолунда кетиши керек. Маданият — бул: эл-журтубуздун көңүлүн көтөрө турган, жүрүм-турумун оңдой турган асыл билим. Кайсы бир деңгээлде адам баласын жакшы жолго салууда, акыл-эсин оңдоп-түзөөдө жалпы маданият абдан чоң роль ойнойт. Маселен, ыр-бий болобу, же оркестрби, адабиятпы, айтор бардыгынын өзөгүндө улуу тарбия жатат, — дейт Турапов.

Анткен менен аталган тармакка бийлик тараптан дайыма кош көңүл мамиле болуп келери айтылат. Айталы, маданият тармагынан мамлекеттик казынага бир топ эле каражат түшүп келгени менен анын кайтарымы өтө аз, жокко эсе десек аша чапкандык болбойт.

Айбек Саралаев мындан 17 жыл мурун Опера жана балет театрында чыгармачылыгын баштаган. Ал азыр аталган театрда жеке солист болуп эмгектенет.

Анын пикиринде, маданият кызматкерлери бүгүнкү күнү өтө начар абалда жана аларга мамлекет тарабынан колдоо болгон жок. Бүгүн кесиптик майрамы болуп жаткан кызматкерлердин маянасы тамак-ашына да жетпейт. Мамлекет маданият тармагына көңүл бурса, бул тармактан мындан да арбын киреше түшөрүнө ишенет.

Маданият кызматкерлерин мамлекет бакпай эле койсун, жок дегенде көңүл буруп койсо, бул тармактан казынага жакшы эле акча түшөт. Маданият тармагын көтөрсөк эле биздин кызматкерлер да өздөрүнүн салымын кошуп, бюджетке киреше алып келет эле. Ошол үчүн мен төбөлдөргө, эл башы, журт башы деген наам алып жүргөн аткаминерлерге кайрылат элем, биринчи кезекте маданиятка көңүл бөлсөңүздөр, анткени маданият өнүккөн коомдогу адамдын колунан уурулук, маданияттуу адамдын колунан жаман иш келбейт, — дейт Саралаев.

Ушул эле ойду Керим Турапов да колдоп, пикирин билдирди. Ал 25 жыл аралыгында кыргыз маданияты коңшу мамлекеттер менен салыштырганда жакшы деңгээлде өнүгө албаганын, бул тармактын аксак экенин төңкөрүштөрдөн байкаса болорун айтты.

Ошонун артынан 2-3 революция болду. Буга да музыканын таасири бар. Эгерде жан дүйнөсү бай жаштар болсо, Ак үйдүн ичин талкалабайт эле, тарых үчүн сакталып жүргөн Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү жоголбойт эле. Жоголду дегенде ал сүрөттөрдү алып кеткен жок, жаштар жыртып, тытып, талкалап баарын жок кылды. Эгерде маданиятты жайылтып, жакшы көңүл бурганыбызда, биз буга барбайт элек. Аларды күнөөлөбөйбүз, биз — мамлекет күнөөлүбүз, эл агартуу иштерин жүргүзбөгөнүбүзгө, — деди эл артисти.

Маданият министрлиги бүгүнкү күндө кызматкерлердин өнөрүн өркүндөтүү жаатында иш алып барууга бел байлап жатканын, андай кичинекей долбоорлор үчүн министрлик өзү каражат табарын айтат. Маданият тармагынан түшкөн каражат мамлекеттик казынага кетип, бирок кайра жетиштүү түрдө бөлүнбөй, маселе жаратат. Ага карабай, министрлик маданият кызматкерлерин аймактардагы эл менен жолуктуруу иштерин уюштуруп, алардын иш сапары үчүн акы төлөө маселесин да карап жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков билдирди.

— Биз өзүбүздүн көрөрмандарыбызды театрдан күтүп жатабыз. Мен «окоптон чык» деген идея сунуштадым. Биз элге чыгалы. Гастролдоп эмес, жөн гана. Мисалы, Алышбаев, Сманбеков, Күмөндөр Абылов деген агайларыбыз бар го. Булар жөн эле ырчы-чоорчу, өнөрпоз эмес, жан дүйнөсү өтө бай, сөз байлыгы, дүйнө таанымы кенен адамдар. Анан алар спектаклин, киночулар киносун коюп, андан кийин Лира кечеси сыяктуу баарлашуу уюштуралы деп жатабыз. Мисалы, Тогуз-Торонун, Чаткалдын эли Бишкекке келбей деле коюшу мүмкүн да. Биз баралы деп жатабыз аларга, көзгө көз чагылышып, тизеге тизе тийишип, маданиятты жайылталы деп жатабыз. Кудай буйруса, буга каражат табабыз, — деди министр.

Кадырбеков азыркы учурда пандемия болуп жаткандыгына байланыштуу айтылган иш-чаралар токтоп турганын кошумчалады.

Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келе жатат. Аталган датанын тарыхына токтоло кетсек, 1926-жылдын 11-октябрында Кыргыз АССР Компартиялык Комитети тоолуу аймактын элине советтик талапка ылайык музыкалуу драмалык студия ачуу, жаш өнөрпоздорду ошол учурдун талабына шайкеш окутуу токтомун кабыл алган. Мунун негизинде чукул арада эл ичиндеги таланттуу жаштарды чогултуп, ошол эле жылдын 2-ноябрында музыкалуу драмалык мектептин алгачкы окуусу башталган. Учурдагы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын түптөлүшүнө ушул мектептин салымы өтө зор болгон. Ошол себептен аталган дата — кыргыз профессионал маданият жана искусство ишмерлеринин күнү катары өлкө тарыхында калган.

Exit mobile version