Марал Радиосу

Мушкер Турат Осмонов жеңишке жетти

Кыргыз мушкери Турат Осмонов профессионалдык бокстун WBC Asia версиясы боюнча титулдук беттешин жеңип алды. Бул тууралуу өзү Инстаграм баракчасына жарыялады.

Мушкер орусиялык Артём Ткаченко 31-октябрда Орусиянын Барнаул шаарында 54 килограмм салмактагылар арасында беттешкен.

Белгилей кетсек, Турат Осмонов 2019-жылы профессионалдар арасында 3 беттеш өткөрүп, үчөөндө тең жеңишке жеткен.