Марал Радиосу

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү жамаатка тааныштырылды

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн борбордук аппаратынын жамаатына ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаевди тааныштырды.

Элчибек Жантаев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.

Ысык-Көл облусун 2020-жылдын июль айынан октябрь айына чейин Балбак Түлөбаев башкарды. Ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.