«Исфана» аэропорту колдонууга даяр, кийинки айларда ачылыш аземи болору күтүлүүдө.Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев билдирди.
Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүү программасында 2020-жылдын III кварталына карата «Исфана» аэропортун оңдоп-түзөө каралган. Азыркы тапта учуу-конуу тилкелеринин, токтотуучу жолдорунун жана аялдама орундарынын асфальт катмарын оңдоп-түзөө иштери 100% бүткөрүлдү.
Мындан сырткары «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда аэродром жабууларынын жана аэровокзалдык комплекстердин имараттарынын зарыл болгон оңдоп-түзөө иштери улантылууда.