Марал Радиосу

Измир: Жер титирөөдөн 202 киши жарадар болуп, 6 адам каза тапты

Түркиянын Измир шаарында бүгүн катталган жер титирөөдө 6 адам каза болуп, 202 киши жарадар экени айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлүм саны дагы көбөйүүсү мүмкүн экенин айтууда. Учурда куткаруучулар урандылардын астынан жабыркагандарды куткаруу жана издөө иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Измир шаарында 6,6 баллга жеткен зилзала болду. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде болгон. Измир шаары аталган деңиздин жээгинде жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча шаарда ондогон көп кабаттуу үйлөр кыйраган. Жер титирөөнүн айынан шаарды суу каптаганы да айтылууда.