Марал Радиосу

Искендер Матраимов: Иним пневмонияга кабылып, ооруканада

Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов тууралуу агасы Искендер Матраимов социалдык тармакта билдирүү жазды. Анын айтымында, Тилекбек Матраимов жумушуна чыкты делген маалымат чындыкка дал келбейт.

Искендер Матраимов: «Тилекбек Ысмайылович 15 күн мурун пневмонияга кабылып ооруканага түшкөн. Ал Кара-Суу районунун акимиатына кайра барып, иштеп жатат, — деген маалымат жалган. Сиздерден суранат элем, текшерилбеген маалыматка ишенбеңиздер», — деген билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Тилекбек Матраимов жумушуна кайра барды деген маалымат чыккан болчу.