Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 482 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 29-октябрь саат 20.00дөн баштап Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен маалымат алмашуу, чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагы боюнча иш сапарга чыгып, өздүк курамга 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM