Биз менен байланышыңыз

Башкаруу системасын өзгөртүү туңгуюкка кептейт

Кыска кабар , Саясат | 30 Окт 2020 | 978 | 1

29-октябрда өткөн өкмөттүн жыйынында Садыр Жапаров Конституцияны реформалоо менен бирге башкаруу системасын да өзгөртүү керек экенин, болбосо, мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы күрөшүү кыйын болуп жатканын айтты. Премьер-министр бул сөзү менен президенттик башкаруу системасына өтүү ниетин кыйытып жатканы маалым. Бирок бул эмнеге алып барат? Кыргызстан кандай башкарууга муктаж? Бул тууралуу алдыда кеп кылабыз. 

Өкмөт башчы Садыр Жапаров өлкөнү президенттик башкаруу системасына өткөрүү пикирин буга чейинки кайрылууларында да козгоп, бул көз караш «Мекенчил» партиясынын шайлоо алдында алып чыккан программасында да бар экенин билдирген. Аталган программада мындан тышкары парламентти бир мандаттуу системага өткөрүү да каралган.

Жапаров бул көз карашын коомдук телеканалга берген маегинде дагы бир жолу тастыктап:

— Мен 7 жылдан бери программаларымда айтып келатам, бизде бир мандаттуу шайлоо жана президенттик башкаруу болсун деп. Мына кечээги шайлоодо да Камчыбек Ташиев бир ай бою айтып жүрдү , — деген.

«Кыргызстан демократиялык өлкө аталып, парламентаризмди орноткон Орто Азиядагы жалгыз мамлекет болгону менен бийлик дале президенттин колунда» деген пикирлер арбын. Ал тургай «Президент бийликти узурпациялап алды», — деп, импичмент маселесин көтөргөндөр да болгон. Маселен, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта депутат Өмүрбек Текебаев аны бийликти узурпациялоо боюнча күнөөлөп, импичмент маселесин Жогорку Кеңеште көтөрүп чыккан. Бул көрүнүш быйыл да кайталанып, шайлоодон кийинки окуялардан соң, Жээнбековго да импичмент жарыялоо маселеси кызуу талашка түштү.

Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова өткөн жана азыркы чакырылыштын депутаттары бийликке ыктап, президенттин айланасына топтолуп, накта парламентаризмди көрсөтө албагандыктан, эл чыныгы парламент кандай болорун түшүнө электигин айтат. Анын пикиринде, президенттик башкарууга кайтуу — кайра артка кадам таштоо.

— Азыр бийликтин үч бутагы бар деп жатпайбызбы, ар кимиси бири-бирине көз карандысыз иштеши керек да. Бирок булар президентке көз каранды болуп, мына азыр да аны колдоп, «бийликти биротоло президентке өткөрүп берип коелу» дешүүдө. Муну менен өлкөнү кайра эле туңгуюкка кептеп жатышат. Бул ыкма башыбыздан өттү, Акаев да, Бакиев да ошол система менен башкарды, арты жакшылык менен бүткөн жок. Билбейм, бул бийлик да узакка барбайт го?.. — деди Сооронкулова.

Жарандык коом жана саясий күчтөр бийликке кайрылып, парламенттик шайлоону убагында өткөрүп, жаңы парламент менен биргеликте конституциялык реформа жасоону сунушташканын, бирок алар кулак салбай жатканын кошумчалады.

Анткен менен президенттик башкарууну, азыркы кабыл алынып жаткан чечимдерди колдогондор да жок эмес. Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев азыркы учурда Кыргызстанга президенттик башкаруу зарыл экенин, аны 5-октябрда митингге чыккандардын ар бири талап кылганын эскертип, буга каршы чыккандардын пикирин Жапаровго бут тосуу катары баалай турганын жашырбады.

5-6-октябрда эл негизинен башкаруу системасын өзгөртүүнү талап кылды да. Себеби, шайлоонун ыплас өткөндүгү биринчи лозунг болгону менен, мунун артында «Мындай башкарууга чыдабайбыз», — деген ойлор турду да. Бул талап конституциялык реформа дегенге келип такалат. Ал эми президенттик же парламенттик башкарууга келе турган болсок: жеке пикиримде, бизге азыркы учурда президенттик башкарууда болгонубуз эле макул болуп жатат. Бирок, күчтүү парламенттик позиция менен. Анткени, бизге тарых көрсөттү: жооп бере турган бирөө болушу керек экен да, — дейт экс-депутат.

Осмоналиев бул жаатта Америка Кошмо Штаттарынын башкаруу системасын мисалга тартат.

Парламентаризмди колдогон өлкөлөр Кыргызстанга жыл сайын гранттык, кредиттик насыяларды берип келет. Алар мындай колдоолор менен бул башкаруу системасын өркүндөтүүнү каалашат. Эгер өлкө президенттик башкаруу системасына өтүп, парламентаризмди жоё турган болсо, батыш өлкөлөрү колдоосун токтоторунан күмөн жок экенин саясат талдоочу Марс Сариев маалымдады.

 — Батыш өлкөлөрү аябай колдошту. Себеби, алардын долбоор, планы боюнча Кыргызстан Орто Азиядагы парламенттик башкарууну кабыл алган алгачкы өлкө болгондуктан, коңшуларга да таасирин тийгизеби деп ойлошкон. Азыр парламентаризмден чыгып кетсек же өнүктүрбөсөк, анда каражатты токтотуп, тескери реакция кылат, — дейт Сариев.

Маалымат катары айта кетсек, Кыргызстан 2010-жылга чейин президенттик башкаруу системасында жашап келген. Ал арада Башмыйзам 8 жолу өзгөргөн. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин референдум аркылуу Конституцияга дагы бир жолу, тактап айтканда, тогузунчу жолу өзгөртүү киргизилип, өлкө парламенттик башкарууга өткөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    31.10.2020 15:48

    Классикалып Парламенттик башкаруу болгон жакшыго дуйнодо эн онуккон алдынкы мамллекттер ушул жол менен баратышат

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM