Марал Радиосу

Беларусия Литва, Латвия, Польша жана Украина менен чек арасын жапты

Минск шаары эскертүүсүз түрдө Литва, Латвия, Польша жана Украина менен чек арасын жапты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Беларус мамлекеттик чек ара комитети чек аралардын жабылышын коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнүн тарашы менен түшүндүрдү. 29-октябрда өлкө президенти Александр Лукашенко эгер бул өлкөлөрдөн агрессиялык реакция болсо, армия анын мизин кайтарууга даяр экенин билдирген.

Лукашенко АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшүп, ага Польша, Литва, балким Украина тараптан кыймыл болсо жооп берерин эскерткенин айткан. Ошол эле күнү ал бул өлкөлөр менен болгон чек араларын бекемдөөнү тапшырган.