Марал Радиосу

UFC: Антонина Шевченко Лас-Вегаста беттешет

Кыргызстандын мушкери Антонина Шевченко 21-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган UFC-255 турниринде беттешке чыгат. Бул туралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.

Антонина Шевченконун бул жолку атаандашы бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски болору айтылды.

Ошондой эле, бул турнирде Валентина Шевченко да бразилиялык Женнифер Мая менен беттешери белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, Антонина Шевченко ушул жылдын 31-майында Кэтлин Чукагяна менен беттешип, упайлар айырмасында утулуп калган.