Марал Радиосу

Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо талапкерлигин коёт

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал өзүнүн маалымат жыйынында билдирди.

Мадумаров ошондой эле, бүгүн президенттик шайлоого катышуу боюнча Борбордук Шайлоо комиссиясына арызын тапшыра турганын, баары мыйзам жолунда кетерин, өзүнүн конституциялык укуктарын колдонуп, президенттик шайлоого бара турганын маалымдады.