Марал Радиосу

Кара-Сууда Чубак ажы Жалилов атындагы китепкана ачылды

Кара-Суу районунун Нурдар айылында жаңы китепкана курулуп, ага Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Зафар Мирбобоев социалдык тармакта жазды.

Китепкана 3 кабаттан турат. Заманбап жасалгаланып, Ислам динине байланыштуу китептер менен толтурулган. Анын ачылышына Чубак ажы Жалиловдун жакындары, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек жана жергиликтүү дин кызматкерлери катышкан.