Марал Радиосу

ИИМ: Быйыл 15 миңден ашык кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында ички иштер кызматкерлери тарабынан 103 миң 633 кылмыш жана жоруктар катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде 56 миң 746 кылмыш жана 46 миң 887 укук бузуулар бар.

ИИМдин өндүрүшүндө 40 миңден ашык кылмыш жана жорук катталган, калган фактыларды башка күч органдары каттады.

Быйыл 9 айда 15 миң 726 кылмыш иши боюнча материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.