Марал Радиосу

Экинчи чейректе окуучуларды мектепте окутуу сунушталды

Билим берүү жана илим министрлиги экинчи чейректе окуучуларды мектепте окутууну сунуштады. Бул тууралуу 29-октябрда министр Алмаз Бейшеналиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аралыктан окутуу маалында балдардын ысык тамагына бөлүнгөн акча үнөмдөлдү. Аны мектепте дезинфекциялоо иштерине жумшаса болот.

Учурда мектепте 1-класстын окуучулары гана окуп жатышат.

Өкмөт буга чейин октябрдан тарта 6-класска чейинки балдарды да мектепте окутууну пландаган. Бирок Кыргызстанда эпидемиологиялык абал начарлаган үчүн аралыктан окутуу улантылууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 57 миң 798. Каза тапкандар – 1139.

Сакайып чыккандар – 49 миң 97.