Марал Радиосу

Абакир Мамытов Билим берүү министринин кеңешчиси болду

Абакир Мамытов Билим берүү жана илим министринин коомдук башталгыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Абакир Мамытов — педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.