Марал Радиосу

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болду

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жамалбек Ырсалиев турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Ал буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев бүгүн социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаеваны дайындаган болчу.