Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 … -5, күндүз 8 … 13;
Талас облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз 8 … 13;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 14 … 19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз 6 … 11;
Нарын облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз 5 … 10.
Бишкек шаарында 30-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 … -2, күндүз 11 … 13 градус жылуу болот.