Марал Радиосу

Таэквондочу Куттубек Мияровго «Эмгек сиңирген спорт чебери» наамы берилди

Таэквондочу Куттубек Мияровго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери» спорттук наамы ыйгарылды. Бул туралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги расмий сайтына жарыялады.

Белгилей кетсек, Куттубек Мияров таэквондо ITF боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону. 2019-жылдын дүйнө чемпионатында беш медаль жеңип алган (эки алтын, бир күмүш, эки коло медаль).