Марал Радиосу

Бишкекте эмне себептен жарык өчкөнү такталып жатат

Бишкектин бир топ аймагында электр жарыгы өчүп, бир бөлүгү кайра күйдү. Айрым райондордо азыр да жарык жок.

«Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы электр жарыгынын жапырт өчүшүнүн себеби такталып жатканын кабарлады.

Бишкектин Чыгыш-5, Аламүдүн-1, Туңгуч сыяктуу түштүк кичи райондорунда, «Айчүрөк» соода борбору, филармония, Политех, Түштүк-2, Төмөнкү Ала-Арча аймактарында жарык өчтү.