Марал Радиосу

Жапаров өкмөт менен бюджет маселесин талкуулайт

Бүгүн, 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров министрлер менен жыйын өткөрөт.

Анда өлкө экономикасын турукташтыруу боюнча тез арада ишке ашырыла турчу пландар талкууланат. Бул боюнча Экономика министри баяндама жасайт.

Мындан тышкары, 2020-жылдын бюджети, 2021-22-жылдарга бюджеттин алдын ала болжолу тууралуу маселе каралат.

Жыйын түштөн кийин саат 3кө белгиленди.