Марал Радиосу

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдардын финансисти кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдардын финансисти кармалганын кабарлады.

26-октябрда 1995-жылы туулган «И.Н.» аттуу кыргыз жаранын кармалды. Ал эл аралык террористтик уюмдардын жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Террористтик ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.